Жүргүнчүлөрдү ташуу же такси кызматын көрсөткөн жарандар үчүн патенттин наркы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы - 500 сом, камсыздандыруу полиси - 775 сом бойдон турат.
Такси кызматы үчүн алынуучу патенттин баасы аймактарда ар түрдүү. Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында аймактардагы патент наркы тууралуу кеңири маалымат камтылганын билдирүүдө.
Патентти таксист өзү катталган райондук салык органына барып, кагаз жүзүндө, ошондой эле Интернет аркылуу онлайн түрүндө да ала алат. Электрондук патентти салык кызматынын www.salyk.kg – «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервиси аркылуу же 2017-жылкы жаңы үлгүдөгү ички паспорт аркылуу алууга болот.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу тууралуу өкмөттүн чечими менен такси кызматын жүргүзүүгө 1-майдан тартып уруксат берилген. Ага ылайык, жүргүнчү ташуу милдеттүү түрдө патенттин негизинде жүргүзүлүшү керек. Таксисттер машинесине экиден ашык адам салбоого, санитардык-гигиеналык талаптарды сактап, автоунаасында санитайзер алып жүрүүгө милдеттүү. (ZKo)