Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ирандагы жер титирөөдөн кеминде бир адам мерт болду


Жер титирөөдөн кийин көпчүлүк тегерандыктар көчөдө таң атырышты. 8-май, 2020-жыл.
Жер титирөөдөн кийин көпчүлүк тегерандыктар көчөдө таң атырышты. 8-май, 2020-жыл.

Ирандын борбору Тегерандагы жер титирөөдөн кеминде бир киши мерт болуп, жетөө жабыркаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Дагы кошумча жер титирөөдөн чочулаган көптөгөн шаар тургундары эшикте таң атырышты.

АКШнын Геология кызматы 4,6 баллдык жер титирөө 8-майда түнкү 1лер чамасында болгонун билдирди. Очогу баш калаадан 55 чакырым жердеги Дамаванд шаары деп белгиленет.

Иран зор тектоникалык плиталардын үстүндө жайгашкан жана анын аймагында тез-тез жер титиреп турат.

2017-жылдын ноябрында Керманшах провинциясындагы 7,3 зилзала 550дөй адамдын өмүрүн алган.

Иран үчүн эң кандуу жер титирөө 1990-жылы болгон. 7,4 баллдык зилзалада 40 миң адам өлүп, 300 000 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG