Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Кыргызстан «Жеңиш эстафетасын» Тажикстанга өткөрүп берди


Кыргыз-тажик чек арасы. 7-май, 2020-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 7-май, 2020-жыл.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Жеңиш эстафетасы» Кыргызстандан Тажикстанга өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлагандай, эстафетаны өткөрүп берүү иш-чарасы 7-майда кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги «Бордөбө-автожол» өткөрмө бекетинде болду. 

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык «Жеңиш эстафетасы» аттуу акция Беларустун Брест жана Орусиянын Мурманск шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган. Эстафета КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Кыргызстандын аймагында «Жеңиш эстафетасы» 2-майдан 7-майга чейин Бишкек жана Ош шаарларынан өттү. 

«Жеңиш эстафетасы» акциясы 28-майда Москва шаарында «Белгисиз жоокердин күмбөзү» мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG