Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Америкалык ишкердин Москвадагы үй камагы узартылды


Майкл Калви сотто. 7-май, 2020-жыл.
Майкл Калви сотто. 7-май, 2020-жыл.

Москва шаардык соту америкалык инвестор Майкл Калви менен анын француз кесиптеши Филипп Делпалдын үй камагын 13-августка чейин узартты.

Чечим 7-майда, буга чейинки үй камагынын мөөнөтү бүтөрүнө алты күн калганда чыкты.

Ушул эле сот андан бир күн мурда Калвинин өтүнүчүн четке каккан. Айыпталуучу Москвадагы мүлкүн жана эсептерин камакка алган башка соттун чечимине каршы даттанган эле.

«Baring Vostok» инвестициялык компаниясынын Калви баштаган бир нече топ-менежери каржылык алдамчылык үчүн шектүү катары 2019-жылдын февралында Москвада кармалган.

Баары коюлган айыпты четке кагып, жок жерден токулган иш деп баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG