Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Австрия 15-майда ресторандардын ишине уруксат берет


Себастьян Курц.
Себастьян Курц.

Австрия өкмөтү 15-майдан тартып ресторан жана барлардын ишине уруксат берерин билдирди. Өткөн аптада өлкөдө чакан дүкөндөр жана тиричилик, чарба буюмдарын саткан дүкөндөр кайра ачылган.

Австрия Батышта Италиядан кийин эле алгачкылардан болуп 16-мартта чектөө чараларын киргизген. Өлкөнүн канцлери Себастьян Курц көндүм турмушка толук кайтып келүү азырынча мүмкүн эмес экенин жума күнкү брифингде билдирди.

Ошентсе да ал коронавирус жаңы катталган учурлар Австрияда азайып жатканын белгилеп, Евробиримдик өлкөлөрү бири-бирине чек арасын ача башташы керек экенин айтты.

«Мисалы, Германияда илдеттин таралуу көрсөткүчү Австриядагыдай эле болуп калды. Чек аралар кайра ачылып, жайында жарандарыбыз саякаттай алышы үчүн Германия менен бир чечимге келебиз го деп ишенип турам», - деди өкмөт башчы Курц.

Австрияда COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталгандар 16 миңдей болсо, алардын 14 миңге жакыны айыгып чыкты. Коронавирус бул өлкөдө 614 кишинин өмүрүн алды. 20-апрелден бери коронавирус аныкталган адамдар күнүнө 100дөн төмөндөп келатат.

XS
SM
MD
LG