Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон чыр чыкты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта жергиликтүү жашоочулардын ортосунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талашуу менен чыр чыкты. Кыргыз тарап ок атуудан үч аскер жараат алып ооруканага түшкөнүн, дагы бир жергиликтүү жашоочу башына таш тийип жарадар болгонун билдирди. Тажикстан ортодо атылган октон эки жараны оор жараат алганын билдирди.

Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, бирок аны кыргыз тарап пайдаланып келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Тажикстан тарап кыргызстандыктар өз алдынча төрт гектардай талаштуу жерди өздөштөрү баштаганы чырга себеп болду деп белгилейт.

Маалыматка караганда эки тараптан тең 30-40 киши бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, тынчый түшкөн маалда түшүндүрүү иштери жүргөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматта «Бирок, ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёт атты» деп айтылат. Тажикстандын Мамлекетик коопсуздук комитетинин алдындагы Чек ара кызматы 8-майда саат 18:00дө Исфара районунун Чоркух жамаатынын Кумазор аймагында чек арада жаңжал чыкканын билдирип, ага кыргыз тарапты күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG