Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды


Кыргызстан. Баткен облусу, Ак-Сай айылы.
Кыргызстан. Баткен облусу, Ак-Сай айылы.

8-май күнү Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу менен коштолгон окуя боюнча кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода акыркы эки сааттын ичинде телефон аркылуу үч ирет сүйлөштү.

Тараптар кырдаалды жөнгө салуу, чыр-чатактын күчөп кетүүсүнө жол бербөө, жергиликтүү элге зыян келтирбөө менен коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүп, жакынкы аралыктарда жолугушууну макулдашты.

Облус жетекчилеринин биринчи орун басарларынын деңгээлинде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында сүйлөшүү башталууда. Сүйлөшүүгө эки тараптан чек ара, ички иштер жана улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын облустагы жетекчилери катышып жатат.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу байланышып, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон жаңжал тууралуу сүйлөштү.

Анын алдында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулап, абалды жөнгө салууга биргелешкен аракеттер зарыл экенин белгилешкен.

8-май күнү саат 18:00 чамасындагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон чатактан Кыргызстандын үч чек арачысы, бир жергиликтүү тургун жараат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек тилкесинде, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан тажик тараптан эки адам жараат алганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы маалымдады. (JsA)

XS
SM
MD
LG