Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:13

Минск шаарында "Өлбөс полкко" тыюу салынды, аскердик парад өтөт


Минск шаарында 2019-жылы уюштурулган "Өлбөс полк" акциясы.
Минск шаарында 2019-жылы уюштурулган "Өлбөс полк" акциясы.

Минск шаарынын мэриясы "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салды. TUT.BY басылмасы кабарлагандай, 9-майдагы акцияны үч коомдук уюм уюштуруу ниетин билдирген, ага 5000 адам катышат деп маалымдалган. Бирок калаа бийлиги коронавируска байланыштуу уруксат бербеди.

Ошол эле учурда аскердик парадга жана кечинде Жеңиш аянтында өтчү концертке тыюу салынган жок. Президент Александр Лукашенко март айында "Өлбөс полк" жүрүшүнө каршы экенин билдирип, "Эмне үчүн өзүбүздүн "Беларус унутпайт" деген иш-чарабызды коюп, "Өлбөс полкту" даңкташыбыз керек?" деген эле.

Орусияда башталган "Өлбөс полк" акциясы СССРдин курамына кирген мурдагы бир катар мамлекеттерде да да уюштуруп келет. Бул жүрүштү Москванын үгүтү, «Кремлдин идеологиялык куралы» деп санагандар да бар. Кыргызстанда «Өлбөс полк» 2014-жылдан бери өтүп турган. Бул ирет пандемиядан улам иш-чара онлайн платформаларда уюштурулууда.

Беларус бийлиги COVID-19 күчөп жатканына карабай, өлкөгө карантин режимин киргизген жок. Расмий маалыматтарга караганда 8-майга карата Беларуста коронавирус жуктуруп алгандар 21 миң кишиге жетип, 121и кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG