Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

COVID-19 жуктургандар дүйнөдө 4 миллионго жетип калды


Македонияда тартылган сүрөт.
Македонияда тартылган сүрөт.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 9-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 3 миллион 938 миңден ашты.

Алардын 274 898и жашоо менен кош айтышса, дээрлик 1 миллион 322 миңден көбү сакайды.

Оору эң көп жуккандар АКШда, ал жакта илдетке чалынгандар 1 283 929 адам. Илдет кеңири жайылган он мамлекеттин катарында Испания, Италия, Британия, Орусия, Франция, Германия, Түркия, Бразилия жана Иран бар.

Борбор Азия чөлкөмү боюнча маалымат:

  • Казакстанда 4800 киши ооруп, 1631 киши сакайды, 31 адам көз жумду.
  • Өзбекстанда 2324 адамда чалдыгып, 1775 бейтап айыгып кетти, 10 киши жашоо менен кош айтышты.
  • Тажикстанда 522 кишиден COVID-19 аныкталды, алардын 14ү каза тапты.
  • Түркмөн бийлиги мамлекетте бул оору жоктугун айтып келет.
  • Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган. Андан бери коронавирус 906 адамдан табылды, алардын 12си кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты. Ооруканаларда 244 киши бул илдет менен күрөшүп жатат.

XS
SM
MD
LG