Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Баткенде ыкчам кеңешме өткөрөт.
Расмий маалыматка ылайык, ал 8-майда өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагында Баткенге кетти.
Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат. Укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жагдайды талкуулайт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор экени кабарланган. Ошондой эле көкүрөгүнө, колуна ок тийген эки жоокерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Алар Травматология бөлүмүндө жатышат, абалдары жакшы.
Жергиликтүү тургундардын бири да бетинен жараат алган. Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Кыргыз тараптын расмий билдирүүсүнө ылайык, Көк-Таш айылынын Чек тилкесиндеги чатакка жергиликтүү тургундардын тактала элек аймактагы 50 сотых жерди талашканы себеп болгон.
Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Көп өтпөй тажик аскерлери күтүүсүздөн кыргыз аскерлерин жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан.
Эки өлкө тең күнөөнү бири-бирине оодарууда.
Окуянын артынан эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери, жергиликтүү бийлик башчылары бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. (SE)