Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

АКШ экономикасы 20 миллиондон ашуун жумуш ордун жоготту


Нью-Йорктогу Эркиндик монументинин артынан көрүнүшү.
Нью-Йорктогу Эркиндик монументинин артынан көрүнүшү.

АКШ экономикасы пандемиянын фонунда апрель айында 20 миллиондон ашуун жумуш ордун жоготту. Бул соңку 90 жылдагы эң начар көрсөткүч катары сыпатталууда.

"Reuters" агенттиги жазгандай, жумушсуздук 14,7% өстү. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнден берки эң төмөн көрсөткүч. 1982-жылы 10,85 болгон.

2020-жылдын күзүндө АКШда президенттик шайлоо пландалган. Агенттик өлкөдөгү экономикалык жагдай азыркы президент Дональд Трамптын кайрадан шайланышына да таасирин тийгизиши мүмкүн экенин жазды.

Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 9-майга карата 1 миллион 290 миңге жакын адам коронавируска чалынды. Алардын 76 500дөн көбү айыкты.

XS
SM
MD
LG