10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Күндүз дээрлик өлкөнүн бүт аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21 градус ысык.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус жылуу.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 10...13, күндүз 23...25 градус жылыйт.