Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Чек арада жараат алган аскерге байланыштуу консилиум өтүп жатат


Уларбек Шаршеев жана дарыгерлер жараат алган аскерлердин биринен кабар алууда. 9-май, 2020-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийип, оор абалда реанимацияда жаткан аскердин саламаттыгы боюнча Бишкектен барган дарыгерлер консилиум өткөрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Аскерди Бишкекке алып барып дарылоо маселеси каралып жатканын Баткен облустук администрациясынан билдиришкен. Аны борбор калаага алып кетүү же ордунда дарылоо боюнча анык маалымат айтыла элек.

Баткен облустук ооруканасында жаткан аскерге операция жасалганын, омурткасында ок калганын Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков айткан.

Ошондой эле эки жоокер Травматология бөлүмүндө жатат. Алардын көкүрөгүнө, колуна ок тийген. Октор алынды, абалдары жакшы.

Жергиликтүү тургундардын бири да бетинен жараат алган. Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге барып, жабыркагандардан кабар алышты.

Кыргыз тараптын расмий билдирүүсүнө ылайык, Көк-Таш айылынын Чек тилкесиндеги чатакка жергиликтүү тургундардын тактала элек аймактагы 50 сотых жерди талашканы себеп болгон.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Көп өтпөй тажик аскерлери күтүүсүздөн кыргыз аскерлерин жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан.

Эки өлкө тең күнөөнү бири-бирине оодарууда.

Окуянын артынан Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү абалды жайгаруу жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. (JsA\SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG