Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:06 4.6.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1837 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 383 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (177) жана Чүй облусунда (78).

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 106 223 адам болду.

Бир күндө 320 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1678 адам жатат, дагы 1888 бейтап үйдөн дарыланууда.

Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин саны 4720га жетти, алардын жүздөн ашууну көз жумду.

12:40 3.6.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, төртөө Чүйдө катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1830 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 371 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (169) жана Чүй облусунда (91).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 105 840 адамга жетти.

Бир күндө 299 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1662 адам жатат, дагы 1847 бейтап үйдөн дарыланууда.

2-июнда бул илдеттен алты адам каза тапкан. Көз жумган бейтаптардын көбү Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келүүдө.

17:32 1.6.2021

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 80 миңден ашуун адам өттү. Бул тууралуу бүгүн 1-июнда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

"Вакцинанын биринчи дозасын 83 миң 685 адам, ал эми экинчи дозасын 35 миң 585 адам алды. Эмдөө уланып жатат”.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү март айынын этегинде башталган. Каалоочуларга акысыз негизде орусиялык "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылып, дээрлик аяктап калды.

Июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келери, ошондой эле Кытай жана Орусиядан да вакцина алуу макулдашылып жатканы айтылган.

Кыргызстанда коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери 1800дөн ашуун киши илдеттин курмандыгы болду.

Ал эми Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин арасынан алгачкылардан болуп Румыния менен Италия өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдей баштады. Еврокомиссия 31-майда "BioNTech/Pfizer" вакцинасын 12 жаштан жогору балдарга саюуга уруксат берген. Буга чейин Канада менен АКШда дагы балдарды эмдөө башталган.

Францияда 31-майда 18 жаштан өткөндөрдүн баарын эмдөөгө уруксат берилди. 69 миллион бул өлкөдө калктын жарымынан көбү вакцинанын бир дозасын алышты. Ал эми толук эмделгендер 20% түзөт.

Ал арада Түштүк Америкадагы Перу мамлекетинде жаңы эсептен кийин коронавирустан каза болгондордун саны эки эсе көп болуп чыкты.

Жаңы маалыматка ылайык, 32 миллиондой калкы бар өлкөдө коронавирус 180 миңден көп бейтаптын өмүрүн алган. Буга чейин бул сан 70 миңдин тегерегинде болчу.

Түштүк Америкадагы Бразилия менен Мексика дагы бул илдеттен көз жумгандардын саны жагынан көп мамлекеттердин сап башында турушат.

13:58 1.6.2021

Ташкент менен Москва «Спутник V» вакцинасын Өзбекстанда чыгарууну макулдашты. Өзбек тарап аны кайсы аймакта чыгарарын чечкенин Ташкентке иш сапар менен барган Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

«Спутник V» вакцинасы азыр Орусиядан тышкары Беларуста жана Казакстанда өндүрүлүп жатат. 21-майда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Орусиянын президенти Путин аталган вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдирген.

Дүйнө илимпоздору коронавируска каршы бул вакцинанын натыйжалуу экенинен күмөн санап келишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны каттоодон өткөрө элек.

Ал эми Ооганстанда COVID-19 илдетине каршы вакцина калбады. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Дастагир Назаринин айтымында, эмдөө токтоду. Биринчи дозасын алгандар гана экинчи жолу эмделип жатышат.

37 миллион калкы бар Ооганстан Индияда өндүрүлгөн «АстраЗенека» вакцинасынан 500 миң доза жана COVAX эл аралык программасынын алкагында дагы 468 миң доза алган. Алгач медкызматкерлер, аскер кызматкерлери, мугалимдер жана журналисттер эмделди.

Вьетнамдык дарыгерлер.
Вьетнамдык дарыгерлер.

Назари жакынкы келечекте Кытайдан 700 миң доза вакцина күтүлүп жатканын билдирди. Бирок анын так мөөнөтү белгисиз.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирус соңку бир суткада 25 адамдын өмүрүн алды. Жалпы көз жумгандардын саны 3 миңге чамалады. Анткен менен бул эсеп кыйла көп болушу мүмкүн экени айтылып келет.

Өлкөдөгү тынчыбай жаткан кагылышуулар дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин катарына кирген Ооганстанда саламаттык сактоо системасын ого бетер начарлатты. Назаринин айтымында, учурда ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүнүн 72% толуп калды.

Түштүк-чыгыш Азияда COVID-19 вирусун жугузгандар көбөйдү. Буга байланыштуу Малайзия 1-июндан тарта толук карантин киргизди.

COVID-19 илдетине кабылгандардын саны Тайвань менен Вьетнамда дагы көбөйүүдө. Вьетнамдагы ири шаар Хошиминин бийлиги калаадагы тогуз миллион адамдын баарынан тест алууну көздөп жатат. 1-июндан баштап борбор калаа Ханойдогу эл аралык аэрпорт чет жактан келчү рейстерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Ал арада Түштүк Америкадагы Перу мамлекетинде жаңы эсептөөлөрдөн кийин коронавирустан каза болгондордун саны эки эсе көп болуп чыкты.

Жаңы маалыматка ылайык, 32 миллиондой калкы бар өлкөдө коронавирус 180 миңден көп адамдын өмүрүн алган. Буга чейин бул сан 70 миңдин тегерегинде болчу. Түштүк Америкадагы Бразилия менен Мексика дагы бул илдеттен көз жумгандардын саны көп мамлекеттердин сап башында турушат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG