Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Оренбургда талаада калган мигранттар чатырга жайгаштырылат


Казакстанга орнотулган блок-посттордун бири.
Казакстанга орнотулган блок-посттордун бири.

Орусиянын Оренбург облусунда талаада калган кыргызстандык мигранттар Бузулук районундагы балдар лагерине жана атайын тигилген чатырларга убактылуу жайгаштырылат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 7-майда Оренбург облустук бийлигине кайрылып, мигранттарды лагерге жайгаштырууга макулдашылганын дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашты.

"Бирок алардын арасында буга макулдук бербегендер болгондуктан, Оренбург облустук бийлиги чатырларды, керебеттерди жана биоажатканаларды берди. Мунун баары кайтарымсыз жардам иретинде жасалды, тамак-аш маселеси да чечилет",- деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Мигранттар Казакстан чек арасын ачканга чейин ошол жерде болот.

Майдын алгачкы жумасында Оренбург облусунда орус-казак чек арасынан Кыргызстанга өтүп кетүүнү суранып 250дөй кыргыз мигранты топтолуп турганы кабарланган. Алар жардам бербей жатат деп, өкмөттү күнөөлөшүүдө.

Элчилик жумушсуз калган мигранттарга диаспоралар жана башка коомдук уюмдар тарабынан жардам берилгенин, бирок айрымдары кээ бир саясатчылардын, укук коргоочулардын сөзүнө кирип жөнөп кетишкенин жазды. Бирок кайсы саясатчылар, укук коргоочулар экени ачык айтылган эмес.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиядагы мигранттардын көбү жумушсуз калды. Аэропорттор жана чек аралар жабык болгондуктан мекенге келе албай отурушат. (SE)

XS
SM
MD
LG