Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 71 адам жаңы катталып, 17 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу илдетке каршы Республикалык штабдын 10-майдагы брифингинде саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оору жаңы табылгандардын 55и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан бир автобуста келип, Чүй облусунда обсервацияда жаткан мигранттар.
Андан тышкары Бишкек шаарында эки, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда беш, Баткен облусунда төрт, Нарын жана Чүй облустарында бирден учур катталды.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус 1002 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 675 бейтап айыгып чыкты.
COVID-19 жуктуруп алган 1002 адамдын 232си медицина кызматкери, алардын 166сы айыкты, бирөө каза тапкан.
Кыргыз бийлиги 11-майда өлкөдөгү өзгөчө абал режими алынарын, бирок өзгөчө кырдаал режими улана берерин билдирген. (SE)