Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Кызыл жарым ай коому чек ара чырында жабыркаган үй-бүлөгө жардам берди


Кызыл жарым ай коомунун Баткен облустук өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү.

Тогуз адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнө төшөнчө, ашкана буюмдары, гигиеналык каражаттар берилгенин аталган уюмдан 10-майда кабарлашты.

8-май күнү кечке жуук Тажикстандын жарандары менен болгон жер талаш жаңжалында бул үй-бүлөнүн эми эле курулушу бүткөн үйү күлгө айланып, документтери жана бар байлыгы күйүп кеткен.

Такталбаган аймактагы жер талаштан чыккан жаңжалда курал да колдонулуп, кыргыз тараптан төрт, тажик жарандарынан эки киши жабыркаган.

9-майда Бишкек менен Душанбе бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG