11-майда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондоруна кар жаайт.
Бардык аймактарда батыштан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу мүмкүн.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,
Чүй облусунда 7...12, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус жылуу болот. Жел согуп турат, жаан-чачын болбойт.