Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

COVID-19: президент, өкмөт башчы жана спикер кырдаалды талкуулашты


Президент Сооронбай Жээнбеков 10-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековду кабыл алып, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты.

Жээнбеков коронавирустун жайылышына жол бербөө иштерин күчөтүлгөн тартипте улантуу керектигин айтты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, алар коронавируска каршы күрөштүн абалы, ишкердикти жандантуу чаралары жана милдеттер тууралуу сүйлөштү.

Кыргыз бийлиги 11-майда өлкөдөгү өзгөчө абал режими алынарын, бирок өзгөчө кырдаал режими улана берерин билдирген.

11-майда Бишкекте коомдук транспорт жанданары айтылган. "Kaktus media" басылмасы бул чечимди ишке ашыруу дагы бир аз кечиктирилиши мүмкүндүгүн жазды. Бул маалымат расмий тастыктала элек.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 71 адам жаңы катталып, ооруну жуктургандардын саны 1002 адамга жетти. Алардын 675и айыкты, 12си кайтыш болду.

Өлкөдө COVID-19 алгач 18-мартта катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG