Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы учурлары катталды


Германиянын Дрезден шаары, 20-апрель 2020-жыл.
Германиянын Дрезден шаары, 20-апрель 2020-жыл.

Азияда, Европада жана Түндүк Америкада COVID-19дан катуу жабыркаган өлкөлөрдө карантин жумшаргандан кийин вируска чалдыккандар кайра катталууда. Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда ондогон адамдар инфекцияны жугузуп алганы үчүн 9-майда 2 миңден ашуун түнкү клуб жабылды.

Жергиликтүү бийлик жаңы учурлардын көбөйүшүнө коронавируска кабылган 29 жаштагы эркек кишинин өткөн жумада үч түнкү клубга барганы себеп болгонун билдирди. Азыр санитардык кызматкерлер бул клубдарда болгон 1940 кишини издеп жатат.

Чектөөлөрдү четинен ала баштаган Германияда үч касапканада коронавирус табылды. Алардын бирөөндө эле 180 жумушчу өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алганы ырасталды.

АКШда коронавируска каршы аракеттерди тескеген үч расмий жетекчи - Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун башчысы Роберт Редфилд, Тамак-аш жана дары-дармек администрациясынын комиссары Стивен Хахн жана АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи карантинге алынды. Буга алардын вирусту жугузуп алган адам менен байланышканы себеп болду.

10-майга карата дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 4 миллион 38 миңден ашты. 280 миңдей киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG