Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин коронавируска байланыштуу резолюциясынын кабыл алынбай жатышына Кытай менен АКШнын пикир келишпестиги себеп болгону кабарланууда. Эки өлкөнүн дипломаттары резолюцияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атын атоо маселесинде мунаса таба алышпаганын билдиришти.
АКШ Коопсуздук кеңешинин документинде бул уюмдун атын атоого каршылыгын билдирип жатат. Кытай тескерисинче Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун резолюцияга кошууну талап кылууда.
“Reuters” жаңылыктар агенттиги кеп пандемия маалында дүйнөнүн куралдуу жаңжал жүрүп жаткан аймактарында ок атышууну токтотуу турууну көздөгөн резолюциянын долбоору тууралуу болуп жатканын атын атабаган бир нече дипломатка шилтеме кылып кабарлады. Мындай демилгени БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 23-мартта көтөрүп чыккан.
9-майда кытайлык дипломат АКШ резолюциянын долбоору боюнча пикирин өзгөрткөнүн билдиргени менен америкалык дипломат бул маалыматты четке какты.
Вашингтон Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун коронавирус пандемиясына жетиштүү чара көргөн эмес деп сындап, анын жетекчилерин “Кытайга жан тартты” айыптап жатат. Аталган уюм да, расмий Бээжин да бул айтылгандарды четке кагып келет.