Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Трамп: ДССУ пандемияны токтотпой, Кытайга жан тартты


АКШ президенти Дональд Трамп «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемияны жөнгө салууда чабалдыгын көргөздү» деп билдирди.  

14-апрелдеги маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар эки миллион адамдан ашты, 126 миңдей киши оорудан каза болду, 487 миң киши айыгып чыкты.

Президент Трамптын чечимине реакциясын билдирип, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш «дүйнө COVID-19га каршы согушту жеңүүгө аракет кылып жаткан кезде ДССУ колдоого муктаж, азыр уюмдун ишине бөлүнгөн каражатты азайтчу убак эмес» деп билдирди.

Америкалык миллиардер, филантроп Билл Гейтс да ушундай кризис учурунда уюмду каржылоону токтотуунун арты өтө кооптуу кесепеттерге алып келерин «Твиттерге» жазды.

Президент Трамп брифингде. Ак Үй, 14-апрель, 2020-жыл.
Президент Трамп брифингде. Ак Үй, 14-апрель, 2020-жыл.

14-апрелде Трамп Ак Үйдөгү басма сөз жыйынында ДССУнун бюджетине төлөмдөрдү токтотууга буйрук бергенин айткан:

«Уюм маалыматты ачык-айкын чогултуп, текшерип жана таратууда кемчиликтерди кетирген. Бардык өлкөлөр менен кызматташып, адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган жагдайлар тууралуу так маалымат берип турат деп күтөбүз. Уюм өзүнүн негизги милдетин аткара алган жок жана жооп бериши керек. Ондогон жылдан бери убакыт келди».

Трамп уюмду Кытайдын «бурмаланган маалыматын» таратуу менен «эпидемиянын жайылышына өбөлгө түздү» деп сындады.

Кошмо Штаттар - БУУнун бул агенттигин каржылаган эң чоң булак. Былтыр өлкө 400 миллион доллар которгон, бул акча уюмдун бюджетинин 15% барабар.

АКШда 14-апрелде 2 228 киши COVID-19 илдетинен өлгөнүн Жон Хопкинс атындагы университет маалымдады. Бул мурдагы күндөргө караганда эң жогорку көрсөткүч. Пандемия башталгандан бери АКШда оору жуккандардын саны 600 миң адамдан ашты.

Трамп ошондой эле жакын арада карантинди алуу, ишканалар менен компанияларды ачуу, эки жакка каттоого жана башка чектөөлөрдү алуу боюнча жаңы программаны жарыялай турганын айтты. Президент бул кадамдар губернаторлор менен кеңешкенден кийин жасаларын белгиледи. Буга чейин Трамп чектөөлөрдү алууга ким укуктуу деген маселеден улам айрым штат башчылары менен талашып-тартышып келген.

Коомдук саламаттык сактоо менен пандемиядан катуу жапа чеккен экономиканы жандандыруунун ортосунда баланс табуу тууралуу талкуу Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) божомолунан кийин күчөдү. ЭВФ глобалдык экономика 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан бери болуп көрбөгөндөй кризиске учурай турганын шейшембиде билдирген.

Вена. 14-апрель, 2020-жыл.
Вена. 14-апрель, 2020-жыл.

Европанын коронавирустан өзгөчө жабыркаган өлкөлөрүндө жүздөгөн киши каза таап жатканы менен мурдагы күндөргө караганда абал оңоло түшкөнү кабарланып жатат.

Италияда шейшембиде чектелүү сандагы дүкөндөр, кир жууган жайлар өңдүү чакан ишканалар кайра ачылды. Бирок 3-майга чейин өзгөчө кырдаал сакталмакчы.

Австрия да акырындык менен экономиканын кээ бир тармактарын ачып жатат. 13-апрелде чех өкмөтү карантинден чыгуунун планын кабыл алды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG