Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Теннис: Франциянын ачык чемпионаты күйөрмандарсыз өтөт


"Ролан Гарростун" бир нече жолку чемпиону Рафаель Надаль.
"Ролан Гарростун" бир нече жолку чемпиону Рафаель Надаль.

Франциянын теннис боюнча ачык чемпионатын сентябрь жана октябрь айларында күйөрмандарсыз өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Франциянын теннис федерациясынын президенти Бернард Гюдичелли 10-майда билдирди.

“Ролан Гаррос” деген ат менен таанымал Париждеги чоң шлем чемпионаты май айынын соңунда өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясынан улам сентябрь айына жылдырылган.

Бернард Гюдичелли быйыл билеттерден каражат түшпөсө да, теннис беттештерин телевидение аркылуу көргөзүү жана өнөктөштөрдүн жарнамасы аркылуу Франциянын ачык чемпионатынын бюджетинин бир бөлүгүн камсыз кылса болоорун айтты.

Дүйнөнү каптаган COVID-19 илдетине байланыштуу быйыл кесипкөй теннисчилердин негизги мелдештери 13-июлга чейин токтотулган. Чоң шлем чемпионаттарынын бири - Англиядагы “Уимблдон” мелдеши да өтпөй турган болду.

XS
SM
MD
LG