Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Баткенде чек арада жараат алган аскердин абалы туруктуу


Баткен, Ак-Сай айылы
Баткен, Ак-Сай айылы

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министилиги «чек арада жараат алган аскер каза болуп калды» деген маалыматты төгүндөдү.

Улуттук госпиталда жаткан жоокер реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми жараат алган эки жоокер хирургия бөлүмүндө жатат. Алардын абалы канааттандырарлык. Үч аскер кызматкери тең дарыгерлердин көзөмөлүндө зарыл болгон дарылануудан өтүп жатат.

8-майда кыргыз-тажик чек арасындагы болгон жаңжалда жараат алган үч аскер дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн. Жергиликтүү тургун бир күн дарыланган соң абалы дурус болгондуктан үйүнө чыгарылган. Чек арадагы чырда тажик тарап эки жараны жабыркаганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG