Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Бишкектин район аралык соту Азимжан Аскаровдун ишин карайт


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

11-майда Бишкектин район аралык соту укук корогоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүн сотко бергени боюнча ишти карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу маалымдады.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Мындан сырткары Аскаровдун кассациялык арызы да Жогорку сотто 25-февралдан бери каралып жатат. Жогорку сот келерки отурумду 13-майга белгилеген.

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кармалганга чейин Аскаров Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз жоруктарын ачыкка чыгарган.

Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кайра карап, Аскаровду эркиндикке чыгарууга үндөп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG