Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Орусия согуштагы СССРдин ролу боюнча АКШнын пикирине нааразылык билдирди


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Жекшембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «Орусия АКШнын гитлердик Германиянын жеңишиндеги СССРдин ролун азайтуу аракетине кыжырданат жана бул теманы америкалык расмий өкүлдөр менен талкуулоону каалайт», деген билдирүү жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө Ак үйдүн «Инстаграмдагы» баракчасында жарыяланган видео себеп болду. Анда «1945-жылы 8-майда Америка жана Британия нацисттерди жеңген. Америкалык дух дайыма жеңишке жетет. Дайыма ошондой болот», деп айтылган.

«Вашингтон Жеңиштин 75 жылдык мааракесинде, жалпы майрам күнү да биздин өлкөнүнүн нацизмди кыйратууда кошкон чечүүчү салымын бурмалоону токтотпой жатканы өтө кыжырданууну пайда кылат», деп айтылат Орусиянын тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө.

25-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын лидери Дональд Трамп 1945-жылы совет жана америкалык аскерлер Эльбадагы тарыхый жолушуусу боюнча чогуу билдирүү жасашкан.

1945-жылы 25-апрелде Германиянын Эльба дайрасындагы жолугушуу нацисттик режимдин жеңилишин туюндурган тарыхый окуя катары сыпатталып келет. Торгау шаарынан анча алыс эмес жерде ошондогу тилектештер СССРдин 1-украин фронтунун аскери менен АКШнын 1-армиясы кездешкен. Натыйжада нацисттик рейхтин аскер күчү эки бөлүнгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG