Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Кой-Таш окуясы боюнча сотто Атамбаевди темир тор ичинде кармоо боюнча сунуш колдоо тапты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот 18-майда уланмай болду. Мындай чечим 11-майдагы отурумда кабыл алынды.

Буга соттолуучулардын биринин жактоочусу алмашкандыктан ал иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт сураганы себеп болду.

Ошону менен катар бүгүнкү отурумда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар темир тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Буга чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу.

УКМКнын тергөө абагында кармалып отурган мурдагы президент буга чейин кээ бир отурумдарга катышкан эмес. Адвокаттары муну ден соолугуна байланыштырышкан. Бүгүнкү отурумга ал катышты.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул окуя үчүн Атамбаев баштаган 14 адамга айып тагылган.

Сот жабык өтөрү тууралуу чечим 6-марттагы алгачкы отурумда кабыл алынган.

Буга чейин Атамбаевдин тарапкерлери анын кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлаганын айтышкан. УКМК анын ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG