Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Президент ишкерлер менен жолукту


Жыйындан тартылган сүрөт. 11-май, 2020-жыл.
Жыйындан тартылган сүрөт. 11-май, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалда экономика үчүн жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар деп эсептейт. Өлкө экономикасынын ачыктыгы жана эркиндиги бул кырдаалдан артыкчылык табууга мүмкүнчүлүк берерин мамлекет башчысы 11-майда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Жээнбеков «кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун, андан ишкерлердин жигердүүлүгү алып чыгат» деп, экономиканы жандандырууда чакан жана орто бизнестин өзгөчө ролун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жатканын айтты.

Жолугушууда экономика министри Санжар Муканбетов посткризистик мезгилге карата пландар жана болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берди.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кризис бизнести оор абалга кептегенин, ошол эле учурда экономика реформага муктаж экенин көрсөткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары туш болуп жаткан кыйынчылыктарын кеп кылып, бир катар сунуштарын айтышты.

Өкмөт буга чейин коронавирус маселесинен улам республикалык бюджет 9,7 миллиард сомго аз чогулганын кабарлаган.

Бишкек мэриясы акыркы эки айда шаардык бюджетке 900 миллион сом түшпөй калганын жарыялаган. Анын айынан бюджеттик кызматкерлердин маянасы кечигиши мүмкүн экенин эскерткен шаар бийлиги өкмөттөн көмөк сураган. (RK)

XS
SM
MD
LG