Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн Канат Сагымбаевге коронавирус жуккан болушу мүмкүн деген маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, №1 тергөө абагында кармалгандардын бири да, анын ичинде Канат Сагымбаев коронавирустун белгилери менен оозеки да, жазуу түрүндө да дарыгерлерге кайрылган эмес.
Бүгүн, 11-майда Кой-Таш окуясы боюнча жараянда күнөөлөнүп жаткандардын бири, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев өзүндө вирустун белгилери бар экенин, саламаттыгына байланыштуу №1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылганын, бирок эч кандай аракет болбогонун билдирген. Кийинчерээк Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү, үй камагындагы Кундуз Жолдубаева абакта коронавирус бар-жогун текшерип чыгууну талап кылган. Ал эгер вирус табылса ЖАМКтын жетекчилери жоопко тартылышы керек экенин айткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2019-жылдын августунда Чүйдүн Кой-Таш айылында айрым кылмыш иштери боюнча суракка келген жок деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин тергөө абагында.
Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши сотто февраль айында карала баштаган. (NT)