Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Казакстанда өзгөчө абал алынды, карантин эрежелери калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-майдан тартып өлкө боюнча өзгөчө абал жоюлганын билдирди. Бирок карантин эрежелери аймактардагы кырдаал-абалга жараша акырындык менен алынарын айтты.

Президенттин администрациясынын сайтына жарыяланган билдирүүдө облус аралык каттамдар дагы эле чектелери, көчөдө үч кишиден көп болуп топтошуп жүрүүгө болбой тургандыгы, аралыкты сактоо зарылдыгы жана жумуш учурунда санитардык режим кала берери айтылат.

Касым-Жомарт Токаев өлкө оору эң көп тараган учурду баштан кечиргенин, бирок «илдеттин экинчи толкуну башталышы ыктымал» экенин айткан. Ошондой эле өзгөчө абалды камсыз кылыш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия мындан ары ишин «экономиканы калыбына келтирүү комиссиясы» катары иштей берерин белгилеген.

Казакстанда соңку маалымат боюнча коронавирус 5138 адамдан табылды жана алардын теңинен көбүрөгү Алматы шаарына туура келет. Илдеттен 31 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG