Нарын облусунун Ат-Башы районунда митинг, жыйындарды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу COVID-19 дартынын алдын алуу боюнча республикалык штаб өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго шилтеме берип билдирди.
Маалыматка караганда, Ат-Башыда эпидемиологиялык абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөттөргө бир катар тапшырмалар берилди. Район борборундагы Береке базарында саат 9:00дөн 14:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди.
9-майда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары бийликке нааразы болуп айыл өкмөттүн алдында жыйынга чогулушкан. Алар район аймагында киргизилген өзгөчө абал режимин алууну талап кылышкан.
11-майдан тартып Бишкек шаарынын аймагында, Ош шаарында, Ат-Башы районунда, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин режими калтырылган. (NT)