Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Дагы бир Стамбул-Бишкек атайын каттамы уюштурулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 15-майда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс пландаштырылганы жазылган.

Буга чейин Түркиядан Кыргызстанга кетиш үчүн атайын чартердик каттамды күткөн 629 кыргызстандык жаран тизмеде турганы жазылган.

Коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар 24-мартта, 17-апрелде жана 24-апрелде атайын уюшулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

Түркия - коронавирус пандемиясынан катуу жабыркап жаткан өлкөлөрдүн бири. COVID-19 илдетине чалдыккандар 139 миңге жакындады.

Түркияда 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт. (ElB)

XS
SM
MD
LG