Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Чек ара окуясында жарадар болгон аскердин абалы дагы эле оор


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда оор жарадар болгон кыргыз жоокеринин абалы дагы эле оор. Бул тууралуу 11-майда «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова аскер кызматкеринин абалы «оор, бирок туруктуу» деп билдирди.

Анын айтымында, эртең-бүрсүгүнү дарыгерлер кошумча консилиум өткөрүп, операцияга качан алынарын чечишет.

8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Үчөө тең Улуттук госпиталга жаткырылган. Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык экени, ал эми ок омурткасына тийген аскердин абалы оор, ал реанимацияда экени кабарланган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.(RK)

XS
SM
MD
LG