Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Акаев: элде маалыматтык таңкыстык бар


Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев эл менен ачык иштей албай жатат деп өкмөттү сынга алды.

Анын айтымында, ачык-айкын иштин жоктугунан элдин көбү өкмөткө ишенбейт. Депутат Каржы министрлигине кайрылып, коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан канча каражат келгенин, анын кайда жумшалганын ачык айтып, инфографика менен түшүндүрүп берүүнү сурады.

«Коомчулуктун 90 пайызы өкмөттүн аткарган ишине нааразы, ишенбейт. Ачык саясат жүргүзүлбөй чабал иштер көп болууда. Ошондуктан, түшкөн каражаттын барын элге ачык инфографика менен так көрсөтүп бергиле».

Каржы министрлигинин жыйында берген маалыматына караганда, Эл аралык валюта фондунан бюджетти колдоого 120 миллион доллар келген. Дагы 240 миллион доллар келиши керек. Вируска каршы күрөшкө мындан тышкары республикалык бюджеттен да кошумча акча бөлүнгөн. Анын отуз миллион сому эпидемиялык фондго, тиешелүү мекемелерге (ИИМ, ӨКМ) жүз миллион сом, экспресс-тесттерди сатып алууга 131 миллион сом жумшалды. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын депозиттик эсепке 137 миллион 282 миң сомдон ашык каражат түшкөн.

Аталган комитет өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчетун карап, аны канааттандырарлык деп тапты. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG