Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Бишкек: беткап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат


11-майдагы онлайн брифингде Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан баштап күчүнө кирген «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдардагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенин белгилеп, анда карантиндик эрежелерди бузгандарга ири өлчөмдө айып каралганын билдирди.

«Санкциялар катаалдашты. Айыппулдун өлчөмү кылмыштын, жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Өзгөчө беткап тагынуу боюнча көңүл бурулат. Беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралат. Санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды», - деди Суракматов.

Мэрдин маалыматына ылайык, Бишкекте өзгөчө кырдаал режиминде иштөө боюнча план бекитилди. Ыкчам штабды Бишкек шаарынын вице-мэри Алымкулов Азиз жетектейт. Бишкекте коронавирустун кооптуу очогу деп эсептелген 98 жер бар.

Суракматов вирустун белгилери байкалса 118 номерине телефон аркылуу кайрылыш керек экенин, азыркы тапта дарыгерлерден жана санитардык кызматкерлерден турган 40 көчмө топ иштеп жатканын кошумчалады:

«Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылууну суранабыз. Шаарда медиктердин жана санитардык дарыгерлердин 40 көчмө тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат».

Коронавируска каршы республикалык штаб 11-майга карата Бишкекте вирус жуккандардын саны 327 адам экенин билдирди. Мэрия шаарда бул илдетке чалдыккандардын 79у медицина кызматкери, 36сы милиционер экенин кабарлады. (TSh)

XS
SM
MD
LG