Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 21 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ону Бишкекте, бирөө Чүй облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда жана жетөө Нарын облусунда.
Үсөнбаев «21 учурдун үчөө чет жактан келген жарандар: бирөө - Дубайдан, экөө - Орусиядан. Үчөө Чаткал районундагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен табылды. Нарын облусунда жети учур катталды, алардын алтоо - облустук төрөт үйүндө иштеген кызматкерлер. «Семетей» обсерваторунан бир учур катталып чыкты» деди.
Бир суткада 21 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 12-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 709.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Айрым мекеме-ишканаларга иштегенге акырындап уруксат бериле баштады. Жеке автотранспорт менен жүрүүгө уруксат бар, коомдук транспорт иштей элек. (RK)