Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Сот Матраимовдун байлыгын иликтөө тууралуу арызды четке какты


Нурбек Токтакунов.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 12-майда «Прецедент»​ укук компаниясынын башчысы, юрист Нурбек Токтакуновдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байышын иликтөө тууралуу доо арызын карады.

Сот анын арызын канааттандырган жок жана райондук соттун быйыл марттагы чечимин күчүндө калтырганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова "Азаттыкка" билдирди. Бул чечимге карата даттанууга болбой турганы да айтылды.

Юрист Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) каршы арыз жазып, Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерүү тууралуу иштин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катталышын талап кылган.

Быйыл 4-мартта Биринчи май райондук тергөө соту аны каттоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган. Токтакунов ага макул болбой аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылып, териштирүү бүгүн болду.

Буга чейин ушундай эле талап менен ал Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко арызданган. 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту анын өтүнүчүн карап, канааттандырган эмес.

Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү тергөө органдарынан талап кылып келет.

Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (31)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG