Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Праганын жетекчилерин ууландыргысы келген деген орус дипломатынын аты аталды


Орусиянын Прагадагы элчилиги.
Орусиянын Прагадагы элчилиги.

Чехиянын маалымат каражаттары Праганын жетекчилерин ууландырууну көздөгөн болушу мүмкүн деген орусиялык дипломаттын ысымын аташты. Жергиликтүү телеканалдардын биринде көрсөтүлгөн сюжетте Андрей Кончаков тууралуу кеп болду. Ал Прагадагы «Россотрудничествонун» өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткарып келет.

Апрель айынын соңунда «Респект» басылмасы өз булактарына таянып, орусиялык дипломат Прагага карантин киргизилгенче келип, өзү менен кошо рицин уулуу затын ала келгенин жазган. Анын чемоданы эл аралык эрежелерге ылайык текшерилген эмес.

Ал чех баш калаасынын мэрин жана эки райондун акимин ууландырууга багытталган болушу мүмкүн экени да кабарланган. Мындан улам аталган аткаминерлер кайтарууга алынган.

Орусиянын элчилиги бул маалыматты четке кагып келет.

Мунун алдында Праганын жетекчилиги менен Орусия Чехиянын борбор шаарында киши колдуу болгон орус оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун ысымынын аянтка берилишине, маршал Иван Коневдин эстелигинин алынышына байланыштуу кайым айтышып жаткан.

XS
SM
MD
LG