Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:06

Абдирасулова: «Кырдаалды курчуткан» өкмөттүк эмес уюмдар кайсылар экени ачык айтылса болмок


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун чет жактагы мигранттарды мекенине кайтаруу маселесинде өкмөттүк эмес уюмдар «кырдаалды курчутуп» жатканы тууралуу билдирүүсү талкуу жаратты.

«Азаттык» радиосу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасуловага кайрылып, башкы дипломаттын айтканы боюнча пикирин сурады.

«Министр конкреттүү түрдө кайсы өкмөттүк эмес уюм экенин, аты-жөнүн ачык айтып, алардын кайсы аракетине макул эмес экенин, кандай кылыш керек экенин ачык билдирсе болмок. Себеби өкмөттүк эмес уюм дегенде баарыбыз ойлонуп жатабыз», - деди ал.

12-майда министр чет жактан мекенине кайтууну каалаган жарандарды жеке максатын көздөгөн адамдардын «чагымчыл аракеттерине азгырылбоого» чакырып, «өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да айрым адамдар, ар кандай өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрү кырдаалды курчутууну улантып жатышат» деди.

Айдарбековдун бул билдирүүсү Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу аракети кайрадан көрүлө баштаган учурга туш келди. Кезектеги мыйзам долбоору быйыл Жогорку Кеңеште 4-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

Соңку маалыматка караганда, азыр 58 мамлекетте 9 миңге жакын кыргызстандык мекенине кайтууга кыргыз өкмөтүнөн жардам күтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG