Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

ЖК комитеттери өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Парламенттин тармактык комитеттери бүгүн, 12-майда өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчётун угуп, аны жактырды.

Отчёт Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттерде каралды.

Комитет жыйындарда өкмөттүн ишине бир катар сын-пикир айтылды. Азыркы кырдаалды жана айтылган сынды эске алуу менен өкмөттүн иши канааттандырарлык деп табылып, парламенттин 13-майдагы жалпы жыйынына коюла турган болду.

Өкмөттүн отчётун 11-майда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети угуп, жактырган. Учурда маселени Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети талкуулап жатат.

Калган комитеттер отчётту март айында угуп, канааттандырган. (NT)

XS
SM
MD
LG