Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Депутат Жумалиевдин мүлкү боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык, Жумалиевдин мүлкүнүнө байланыштуу ишти Башкы прокуратура Жазык кодексинин 323 («Мыйзамсыз баюу») жана 324-беренесине («Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу») ылайык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда депутаттын мүлкү текшерилүүдө.

Ушул эле күнү Ички иштер министрлиги мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлаган.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева «Азаттыкка» билдиргендей, ал боюнча арыз менен ИИМге Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылган. Арыз 7-майда Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») негизинде каттоого алынды.

ИИМдин маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты, сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Буга чейин Интернетте Жапыкеев Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Арасынан Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Көп өтпөй аны колдогон, мыйзамсыз байлыкты ашкерелөөгө чакырган маалыматтар байма-бай тарай баштаган.

Сотко чейинки териштирүү башталганы тууралуу Жапыкеевдин өзү же жактоочулары азырынча маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG