Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

ОМОН «Путинди кетирем» деген якутиялык бакшыны үйүнөн кармап кетти


Александр Габышев
Александр Габышев

«Орусиянын президенти Владимир Путинди кызматынан кетирем» деп таанымал болгон якутиялык бакшы Александр Габышевди ОМОНдун кызматкерлери үйүнөн кармап, психиатриялык ооруканага алып кетишти. Бул тууралуу «МБХ медиа» басылмасы «Правозащита Открытки» уюмунун координатору Алексей Прянишниковго таянып жазды.

Укук коргоочунун айтымында, бакшынын үйүнө кеминде атайын бөлүктүн 20дай кызматкери бастырып кирген. Ал кандай айып менен кармалганы азырынча белгисиз. Ошол күнү анын үйүнө бир нече жолу медицина кызматкерлери экенин айткан кишилер келип, коронавируска тест тапшырууну суранышкан. Габышев менен кошо обочолонуу режимин бузганы үчүн анын эки тарапташын кошо кармап кетишкен.

2019-жылы март айында 51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.

Александр Габышев сентябрда Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн буйругу менен психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп, Габышевге «кылмыш жазасына тартылууга жарабайт» деген чечим чыгарган. Габышев июнь айында кайрадан жолго чыгууга аракет кылган.

Якутиянын тургундары Габышевге куугунтукту токтотууну талап кылган петиция жарыялашкан. Миңден ашуун киши кол койгон петицияда Габышев «өзүнүн диний көз карашына ылайык гана оюн билдирген» деп айтылат.

XS
SM
MD
LG