Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

13-майда Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын Жогорку сот 13-майда карайт. Бул тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюму кабарлады.

25-февралдагы алгачкы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиришкен. Сот прокурорлордун талабын канааттандырган. Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов прокурорлордун талабын «формалдуу туура» деп баалаган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова сотко келгендерге район аралык сот президенттин 8-майдагы жарлыгы менен жоюлуп кеткенин маалымдаган. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кармалганга чейин Аскаров Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз жоруктарын ачыкка чыгарган.

Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кайра карап, Аскаровду эркиндикке чыгарууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG