Тажикстандан кайткан кыргызстандыктардын ичинен эки кишиден COVID-19 табылганын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев түз эфирде айтты. Анын айтымында, Ош облусунда өпкөнү сезгенткен илдеттин басымдуу бөлүгү сырттан келгендерден табылууда. Алардын ичинде жергеталдык кыргыздар да бар.
«Облус боюнча 180 адам ооруга чалдыккан. Ошонун 102си сырттан келген. Тилекке каршы, сырттан келген жүк ташуучу айдоочуларыбыздан, Орусиядан каза болгондорду коштоп келгендерден чыгып жатат. Тажикстандан он киши келген, анын экөөнөн чыкты. Акыркы күндөрү экиден-үчтөн кошулуп калды», - деди Жылкыбаев.
Комендатуранын берген маалыматына ылайык, Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан көп жыл мурун Кыргызстанга көчүп келген кыргыздар карантин жарыяланганга чейин туугандарынан кабар алганы барып, кайра келе албай калышкан.
Алар 8-май күнү келээри күтүлүп, Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында ооруканада обсервацияга даярдалган.
Союз кулагандан кийинки аралыкта коңшулаш Тажикстандан, Өзбекстандан тарыхый мекенине кайткан кыргыздардын саны 55 миңден ашат. Алардын 10 миңден ашууну кайрылман макамынын негизинде Кыргызстандын жарандыгына ээ болушкан. (DU)