Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов райондук соттон акталып чыкты. Бул тууралуу ал өзү «Азаттыкка» 13-майда билдирди. Касеновдун айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бул иш 11-майда каралды.
«Мени сот толук актады. Куруучуга бир аз мөөнөт берип койду. Алдыда эми шаардык сот болушу керек. Ошол жерден акыркы чекит коюлат го, бул иш боюнча. Мен акталдым, себеби кылмыш болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес», - деди ал.
Касенов 2018-жылдын 21-декабрында камакка алынган. Ага 2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоодо коррупцияга аралашкан деген айып коюлган. Ушундай эле айып менен ат майданын курган «Темир-Канат» компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаев камалган.
Ага чейин, 2018-жылдын август айында Бишкек шаардык соту аты аталгандар боюнча өкүм чыгарып, Мергенбаев алты жылга, Касенов шарттуу түрдө бир жылга кесилген.
Жаңы жагдай боюнча териштирүү кайра башталып, Касеновго Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Коррупция» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелеринин негизинде айып коюлган.
Касенов 2014-жылы Биринчи көчмөндөр оюндары өткөн жылы Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук оюндар борборун жетектеп турган. Ат майдандын курулушуна жоопкер болгон.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюнун өткөрүүгө казынадан 102 миллион сом, демөөрчүлөрдүн кошумчасы менен 138 миллион сом жумшалган. Анын ичинен Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоого эң ири сумма - 72 миллион сомдон ашык каражат каралган. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүткөн. (GT)