Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Ишкерди улам каматкан "ипподром иши"


I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, 9-сентябрь, 2014-жыл.
I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, 9-сентябрь, 2014-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Мындан төрт жыл мурун I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды курган "Темир Канат" ишканасынын башчысы, “Акыйкат” кыймылынын жетекчиси Мергенбаев экинчи кылмыш ишинин негизинде өткөн ишемби күнү камакка алынды.

Ат майдандын курулушуна байланыштуу биринчи козголгон кылмыш ишинин негизинде ишкер алгач алты жылга түзөтүүчү абакка кесилген, бирок ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. ИИМ болсо “ишкердин экинчи ирет камалышы мыйзамсыз” деген дооматтарды четке кагууда.

Эркинбек Мергенбаев 15-декабрда ИИМдин Тергөө башкармалыгынын чечими менен кармалган. Ишкер ага экинчи кылмыш ишинин козголушун, өзүнүн камакка алынышын мыйзамсыз деп баалап жатат:

Эркинбек Мергенбаев.
Эркинбек Мергенбаев.

- Мени ишемби күнү жатак абактан кармап кетишти, - дейт ал. - Мен соттолуучумун да, ал жерде мени жума сайын каттап турушат да. Мени тергөөчүлөр расмий чакырган эмес, маалымат беришкен эмес, күч менен эле алып кетишти. Адегенде мени аткезчилик боюнча алты жылга соттоп жатышат. Анысы аз келгенсип, экинчисинде “көп акча, 10 миллион сом уурдап алды” деп камап жатышат. Эгер адилеттүү сот болсо мен 10 миллион сом уурдабаганымды далилдеп берем. Тескерисинче, мамлекет кайра мага карыз болуп чыгат. Экинчи кылмыш ишинин негизинде мени мыйзамсыз камашты. Мен жатак абакта отурсам кайда качып кетмек элем? Эгер ошончо миллиондорду жеп алсам 2014-жылы эле качып кетмекмин.

ИИМдин басма сөз өкүлү Карима Жапаркулованын "Азаттыкка" айтканына караганда, ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен айып коюлду:

- Ага "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же жок кылуу" (171-берене), "Мыйзамсыз ишкердик кылуу" (180-берене), "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасалмалоо, даярдоо, берүү же пайдалануу” (350-берене) боюнча кылмыш иши козголду, - деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда Эркинбек Мергенбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 6-январга чейин абакта калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Мунун алдында ИИМде Мергенбаевдин ишин карап жаткан тергөөчү алмашканы белгилүү болду. Сот жараянында тергөөчү жана мамлекеттик айыптоочу бөгөт чарасы тууралуу маселени жабык кароону өтүнүп, судья бул өтүнүчтү канааттандырды.

Мергенбаевдин ишин караган тергөөчү Айбек Сыдыковду алмаштыруу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылган.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Мергенбаевдин үй-бүлөсү анын ишин караган тергөөчү аларды бир канча жылдан бери азапка салганын айтып мага кайрылган, - дейт депутат. - Менин катым кечирээк жетип, тергөөчү кечирээк алмашыптыр. Буга чейинки тергөөчү Мергенбаевден алчу өчүн алып, ишкерди кайра түрмөгө киргизгенге жетишти. Бул тергөөчүлөрдүн баары Мергенбаев айыптаган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго иштеген. Эгер мындай боло берсе жеке ишкана-фирмалар мамлекеттин курулуш тармагын алгандан коркуп калышат. Ошол кезде “Көчмөндөр оюндарына ипподром куруп үлгүрбөйбүз” деп ушул Мергенбаевге өздөрү жалдырап жүрүшкөн. Азыр эми биринин артынан экинчи кылмыш ишин козгоп жатышат. Анын үй-бүлөсү оор абалда. Аялы кор болуп жүрөт. Жакшынакай ишкерлик кылып, мамлекетке салык төлөп, элди жумуш менен камсыз кылып жаткан ишкерди жеке өчүн алмак болуп жатып сызга отургузушту. Азыр эми анын тагдыры эмне болору белгисиз. Мен бул маселени парламентте да көтөрөм.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов ушул тушта ишкер Эркинбек Мергенбаевдин таламын талашып жүрөт. Ал I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштургандардын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Мамлекет 2014-жылы май айында ойгонуп, июль айында уюштуруу комитетин түзүп, коноктордун баарын чакырып алып, “сентябрь айына ипподромду бүтүрөбүз” деп башаламан болуп, үлгүрбөй жатканда кыргыздын баатыр, мекенчил жигити чыгып, "макул, мен куруп берейин" деп баарыбызды куткарган, - деди ал. - Мамлекеттин, бийликтин, президенттин да намысына жараган. Булар ал тургай эмнени куруп жатканын, эмне керек, эмне кереги жок экенин билген да эмес. Ал жерге пайдубал курулушу керек болгон. Эми ошонун баарын түштөн кийин үстүнөн казып, ошол адамга орден берип, ардактагандын ордуна камап жатышат. Бул - “Кыргыздар эмнеге өнүкпөй жатат?” деген суроого жооп. Ошондой адамдарыбызды чалып жыгып, чөктүрөбүз, камайбыз. Канча жылдан бери экспертиза жүргүзүп, уурдаганын же башка кылганын таба алышкан жок. Анын артынан түшкөн, өчөшкөн адамдар аны “аткезчилик кылды” деп алты жылга камашты. Азыр оорукчан болуп калган кишини “10 миллион сом уурдады” деп кайра соттоп жатышат. Жеке менчик фирмага "бааң туура эмес" деп кандай айып коюлат? Анын баасы кандай болгон күндө да жеке фирма да! Ким курулушту ошол кыска мөөнөткө чейин алып барды? Урматтуу ИИМ, урматтуу мамлекет, мына ошол мамлекеттик жетекчилерди жоопко тарткыла!

"Азаттык" I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин айрым жетекчилерине, ага тиешеси болгон ошол кездеги жогорку мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, Эркинбек Мергенбаевдин иши боюнча соңку жагдай, каржылоо маселелери тууралуу пикирин сурады. Бирок баарынан тең "тиешем жок" дегендей мазмундагы жооп укту.

2014-жылы ошол кездеги вице-премьер-министр Элвира Сариева I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин төрайымы болгон. Ал оюндарды каржылоо тууралуу өкмөт июль айында токтом кабыл алганын, бирок документ бир канча жолу өзгөргөнүн, ат майданды оңдоп, калыбына келтирүүгө, даярдоого керектүү товарларды, кызмат көрсөтүүнү сатып алуу жана спорттук шаймандарды тендерсиз, бир булактан алуу боюнча демилгеге өзү да каршы болгонун айтып берди:

Элвира Сариева.
Элвира Сариева.

- Регламент боюнча мындай: комитет уюштуруу маселелерин карайт. Курулуш же каржы маселелерин министрлик же мекемелер өз чечими менен бекитет. Эгер республикалык бюджетке тиешеси болсо, өкмөттүн атайын чечими чыгат. Курулуш боюнча мындай чечимдер кийин, жайында чыккан. Анткени биринчи токтомдо Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке "Маданият министрлигине мынча каражат берилсин, Спорт агенттигине мынча каражат берилсин" деген сүйлөм жазылган. Бирок тендер өткөрүүгө убакыт тар болгондуктан алар кайра өкмөткө кайрылган. Ошондуктан ошол эле токтомго бир-эки жолу "мыйзамга ылайык сатып алуу жүргүзүлсүн" деген өзгөртүү кирген. Андан кийин токтомго дагы бир жолу өзгөртүү кирген. Бирок ага өкмөттүн айрым мүчөлөрү каршы чыккан, мисалы, алардын арасында мен да бар болчумун. Социалдык жана юридикалык бөлүмдөр да каршы чыккан. Бир булактан каржылоо болгону менен мыйзамда атайын эрежеси жазылган да. “"Мамлекеттик сатып алуу жөнүндөгү" мыйзам тууралуу” деген сүйлөмдү алып салып, дагы бир токтом кабыл алабыз” дешкен.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин төрагасынын ошол кездеги орун басары Адахан Мадумаров I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин тең төрагасы болгон. Ал да ички уюштуруу иштерине кийлигишпегенин айтып жатат:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Кыргызстан кандай, эмнелерди уюштурганы тууралуу таптакыр маалыматым жок. Мен уюштуруу комитетинин эл аралык уюм жагынан төрагасы болгом. Кыргызстан тарап мага эч кандай маалымат берген эмес, бизден маселе да болгон эмес. Эл аралык уюм Кыргызстандагы чарбалык иштерге таптакыр аралашпайт да.

Тайырбек Сарпашев ошол кезде биринчи вице-премьер-министр катары Көчмөндөр оюндарын каржылоого байланыштуу айрым документтерге кол койгон. Бирок ал да бул ишке тиешеси жок экенин айтып жатат:

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

- Менин Мергенбаев тууралуу маалыматым деле жок. Ошол кездеги жагдай эсимде деле жок. Кырдаал ошондой болгон да. Убакыттын аздыгынан ошондой чечим кабыл алынса керек. Биринчи версиясында ат майданды кыска убакыттын ичинде куруш керек болгон. Сатып алуунун жол-жобосу узун да. Анан жайында кабыл алынган, күзүндө ачылышы керек эле. Ошондуктан чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынган.

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдогон “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаевге иш козголуп, ал райондук соттун чечими менен акталган. Бирок 2018-жылы январь айында Бишкек шаардык соту аны алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Ишкерге "аткезчилик менен чет өлкөдөн товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан" деген айып тагылган. Ошол кезде Мергенбаев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Сапар Исаковду ачык айыптап чыккан. Исаков болсо дооматтардын баарын четке кагып, ишкердин өзүн күнөөлөгөн болчу.

Ипподром иши: ишкер абакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG