Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

2019-жылы Кыргызстанда 26,1 тонна алтын казылган


Кумтөр алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөр алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы Кыргызстанда 26,1 тонна алтын казып алынды. Анын ичинен 18,7 тоннасын Кумтөр алтын кени казып алган. Калган 7,4 тоннасы башка кендерде алынган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда парламентте билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылы кен казуу тармагында бир катар жаңы долбоорлор ишин баштады.

«Кичи-Чаарат, Куру-Тегерек кендерине 200 миң доллар инвестиция салынган. Анда 490 киши иштеп жатат. Жерүй алтын кени былтыр ноябрдан бери жер кыртышынын үстүндөгү иштерин жүргүзүп келе жатат. Анда 870 адам иштеп жатат, жакында алтын ылгоочу ишканасы курулуп жатат, ал ишке кирсе дагы 300 адам иш менен камсыз болот. Макмал кени жабылат дедик эле, былтыр ачык тендердин натыйжасында инвестор келип, учурда 400 адам иштеп жатат. Макмал долбоорунун негизинде 1,5 миң адам иш менен камсыз болот», - деди ал.

Абылгазиевдин маалыматына караганда, 2019-жылы казылган алтындын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 2,9 тоннага көп өндүрүлгөн.

Жогорку Кеңеш бүгүн,13-майда кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылы аткарган экономикалык иши тууралуу маалыматын угуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG