Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Бекешев: Былтыр жол кырсыктары 11% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенине карабай, жол кырсыктары 11% көбөйдү. Бул маалыматты КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент отурумунда өкмөт башчыга суроо берип жатып билдирди.

«Былтыр чоң ишти мойнуңузга алып, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргиздиңиз. Бирок долбоор иштегени менен жол кырсыктары мурунку жылдарга салыштырмалуу 11% көбөйүптүр. Буга коррупция негизги себеп», - деди депутат.

Премер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тескерисинче, «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден кийин жол кырсыктары азайганын ырастады. Анын айтымында долбоор боюнча камералар коюлган жолдордо кырсыктар 43% азайган.

Өкмөт башчы «Коопсуз шаар» долбоорунан да кыйгап, коррупция жасоо аракети тууралуу кабары бар экенин айтып, аны жоюу өкмөттүн милдети экенин белгиледи.

Өкмөттүн парламентте берген маалыматына караганда, былтыр ишке кирген «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 592 млн. сом айыппул жыйналган. Долбоор сунушталып жатканда демилгечилер анын алкагында жыл сайын мамлекеттик бюджетке 900 млн. сомго чейин акча түшөрүн айтышкан.

Расмий маалыматтарда «Коопсуз шаар» ишке киргенден кийин Бишкек шаарында жол кырсыктары 52%, ал эми Чүй облусунун аймагында 44% азайганы кабарланган.

Бул долбоордун алкагында Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 камера орнотулган. Анын 90у стационардык, ал эми калган 20сы көчмө аппараттар.

«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген. Март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү деп табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG