Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасында провизордук стационар ачылбай турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасында коронавируска байланыштуу провизордук стационар ачылбай турган болду. Бул тууралуу 13-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышына ооруканадагы шарт талапка туура келбегени себеп болду.

«Ал жер санитардык-техникалык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиктен бул маселе ал жерден алынды. Бул оорукананын базасы шаардын ичиндеги башка жалпы ооруканалардан кабыл алууга ылайыкташтырылды».

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасынын ичинде белгилери коронавируска окшоп, бирок диагнозу такталбай жаткан бейтаптарды убактылуу жаткырыш үчүн өзүнчө бөлүм даярдалып жатканы белгилүү болгон.

Оорукананын тегерегинде жашаган тургундар 7-майда мындай чечимге каршы чыгышкан.

Жалпысынан 13-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1044 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 726.

1044 адамдын эң көбү Бишкекте – 282.

Буга чейин өкмөт коронавируска каршы туруу иш-аракеттеринин алкагында бир нече ооруканада бул илдетке чалдыккандарды текшерүү жана дарылоо үчүн өзүнчө орундар кайра даярдаларын кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG