Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Жогорку соттун алдында Аскаровду бошотпоону талап кылгандар чогулду


Жогорку соттун алдында чогулгандар. 13-май, 2020-жыл.
Жогорку соттун алдында чогулгандар. 13-май, 2020-жыл.

Жогорку сотто 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын кароого байланыштуу сот имаратынын алдында 20 чакты киши чогулду.

Алар Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан келишкенин, июнь окуяларында каза болгондордун туугандары экенин «Азаттыкка» айтып беришти. Чогулгандар Аскаровдун бошотулушуна каршы экенин, соттун өкүмү күчүндө калышын талап кылып жатканын билдиришти.

Жогорку соттогу отурум саат 14:00гө белгиленген.

«Азаттыкка» кабарчылары маалымдагандай, чогулгандардын 10 өкүлү сот имаратынын ичине киргизилди.

Жогорку сотто 25-февралда кассациялык арыз боюнча алгачкы отурумда прокурорлор арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен иш менен таанышууга убакыт сураган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов прокурорлордун талабын «формалдуу туура» деп баалаган.

69 жаштагы укук коргоочу Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG